Бүгүн, 27-ноябрда Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сессиясына катышуу үчүн Кыргыз мамлекетине келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө" максатын көздөгөн эл аралык уюм.