Казакстан президенти: "Нурсултан Назарбаев жана Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы саясий эрк көрсөтүштү"

"Нурсултан Назарбаев жана Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы саясий эрк көрсөтүштү жана эки өлкө үчүн маанилүү болгон мамлекеттик чек аранын укуктук макамын бекитүү этабын аягына чыгарышты", - деп бүгүн, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Кыргыз өлкөсүнө болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгында айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Нурсултан Назарбаев Кыргыз-Казак тагдыр кошкон эң жакын элдер экенин бир нече жолу белгилеген. Урматтуу Сооронбай Жээнбековдун чоң салымын да айтпай коё албайм. Анын Кыргыз мамлекетинин башчысы кызматына келиши менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жаңы дем менен өнүгө баштады. Бул Казакстан менен Кыргыз мамлекетинин ынак кошуналыкка берилгендигин бүт дүйнө коомчулугуна айкын көрсөттү", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан