Тажикстандын президенти Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Манас 2" эл аралык аэропортунан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму – "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө" максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Уюмга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан мүчө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан