Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Иш-чара 13-декабрдан 17-декабрга чейин Кино үйүндө болот.
13-декабрда иш-чаранын ачылышы орун алып, ага театр жана кино ишмерлери, чыгармачыл чөйрөдөгү өкүлдөр келишет. Бул күнү режиссёр Болот Шамшиев тарткан "Ак кеме" тасмасы саат 14:00дө көрсөтүлөт.
14-декабрда саат 14:00дө Геннадий Базаров режиссёрлук кылган "Жер Эне" тасмасы;
15-декабрда саат 14:00дө "Жамиля" тасмасы көрсөтүлөт, режиссёру Ирина Поплавская;
16-декабрда саат 14:00дө режиссёр Лариса Шепитько тарткан "Зной" ("Бото көз булак" чыгармасынын негизинде тартылган) тасмасы;
17-декабрда саат 14:00дө Андрей Кончаловский режиссёрлук кылган "Биринчи мугалим" тасмасы көрсөтүлөт.
Уюштуруучулар - "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы, Кыргыз кинематографисттер департаменти, Кинематографисттер кеңеши, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы жана Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү.
Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.