"Кыргызстан сулуусу - 2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу - 2018" сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова белгилүү италиялык компаниянын модели болду. Жаңылыгы менен модель социалдык баракчасына бөлүштү.
"Модель чөйрөсүндө кылган эмгегим акыры жемишин берип жатат. "Emporio Armani" компаниясынын модели болдум. Кудайга шүгүр", - деп жазган Бегимай.
Эске салсак, Бегимай Карыбекова 1998-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган. 15 жашынан моделдик чөйрөгө аралашкан. "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде Франция, Италия, Азербайжан, Кытай, Германия, Таиланд, Англия жана башка өлкөлөрдөгү моделдик агенттиктер менен келишим түзүп, иштеп келерин айткан.
Италиялык модельер Жоржо Армани Сержо Галлеоти менен биргеликте 1975-жылы "Giorgio Armani s.p.a.с" компаниясын ачышкан. Компания акырындап кеңейип отуруп, XX кылымдын аягында мода индустриясындагы эң ири компанияга айланган. Алар чыгарган аялдар, эркектер кийими, бут кийим, аксессуарлар, саат, ювелирдик буюмдар, үй үчүн товарлар учурда Giorgio Armani, Emporio Armani, Armani Exchange, Armani USA, Jeans, Armani Junior, Armani Casa жана башка марка астында дүйнөгө тарайт.