Коомчулук ким эмне үчүн жооп бергенин көрүү үчүн текшерүүлөр ачык-айкын болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Өкмөт башчы журналисттер жүргүзгөн иликтөөдөгү аткезчилик схемалар жөнүндө кеп козгоду.
“Президент Сооронбай Жээнбеков жолугуп, бул боюнча жыйын болуп өттү. Анда тиешелүү мекемелердин баарына тапшырмалар берилди. Өкмөт көмүскө экономика менен коомчулуктун күрөшүүсүн колдойт. Бул боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн, өкмөт анда катышып жана жардам берүүгө даяр. Мындан сыткары, тергөө топ да түзүлүп, учурда иш алып барууда. Биз ачык иштеп жатканыбызды эл көрүшүн каалайбыз. Биз да коррупция менен күрөшүүгө кызыкдарбыз”, - деди ал.