Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына келишти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Ага ылайык, саммитке келген мамлекет башчыларын президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий сүрөткө түшүү жөрөлгөсүнөн соң, делегация башчылары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы сессиясына бет алышты.
"ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышат", - деп жазылат маалыматта.