Депутат: "Өткөн жылы Бажы кызматы бюджетин жарым миллиард сомго көбөйткөнүбүздү актаган жок"

"Былтыр Бажы кызматы бюджетин жарым миллиард сомго көбөйткөнбүздү актаган жок", - деп бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.

"2018-жылы Бажы кызматынын натыйжалуулугун оптимизациялоо жана пландалган иш-чаралардын алкагында, аталган кызматтын бюджети 500 миллион сомго көбөйтүлгөн. Ушул жылдын 3-чейрегинин жыйынтыгы боюнча, Бажы кызматы натыйжалуу иш көрсөтө албаптыр. Бажы жыйымдарын чогултууда 4 миллиард 580 миллион сом түшпөй калган", - деди депутат.

Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев: "Жыйымдарды чогултууда болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетпей калуунун себеби импорттун 10 пайызга төмөндөшү, анын ичинде Кытайдан кирүүчү товарлардын көлөмү 12 пайызга азайып кеткен", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан