Депутат Эльвира Сурабалдиева: "Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы далилденмейинче БеспределKG баракчасынын администраторун камакка алуу туура эмес". КҮНСОБОЛ

Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков кармалганын УКМК билдирген. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган. Жоробековдун карындашы байкеси өлкөгө көп жакшы иштерди кылганын айтып, ал коррупция боюнча айтуудан корккон эмес деп айтып чыкты.

SUPER.KG порталы "Бийликтин кадырын түшүргөн деп социалдык тармактын колдонуучусун камакка алууну коомчулук эмне деп кабыл алуусу керек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева ар бир адамдын ой-пикир бар экенин айтты.

"Факты далилденбей туруп, бирөөнү камап койгон кызыктай абалды жаратып жатат. Ар бир жарандын ой-пикири бар да. БеспределKG баракчасынын администраторунун постторун көргөн эмесмин. Бул такталышы керек. Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы далилденмейинче БеспределKG баракчасынын администраторун камакка алуу туура эмес", - дейт Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан