"Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу, ырчы Нуркыз Кожонова жана анын жолдошу Эмил мырза үлпөт тоюн өткөрүштү.
Түгөйлөрдүн тою адаттагыдан тышкары болду. Дегенибиз, эки жаштын жакшылыгына келгендердин 80 пайызы жаштар болду. Жубайларга ак батасын берүү үчүн ата-энелер жана өкүл аталар, өкүл апалар (бири кыз тараптан, бири бала тараптан) келишти.
Эки жаш тоюна жаштарга көңүл бурулуп, ыр, бийге көбүрөөк убакыт берилсин деген максатта жаштарды чакырганын айтышат.
Үлпөт тойдо дээрлик шоу-бизнес өкүлдөрү чыгармаларын аткарып кече концертке айланды. Бий аянтын таптаган жаштар таттуу түгөйлөрдү ортого алып көңүл ачышты. Тойго келген Эмил мырзанын достору "Досубузду көргөнгө зар болуп жүрдүк эле аяшыбызга үйлөнгөндөн бери Инстаграмдан көрүп калдык" деп тамаша, чындык аралаш тост айтышты.
Ыр-бий, каалоо-тилектерден тышкары оюн-зоок дагы ойнотулду. Анда чачы узун кыздар чыгып өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында тили узун деген эки айымга белек берилди. Тойдун соңунда атайын даярдалган таттуу торт кесилип, бойдок айымдарга колуктунун гүлү ыргытылды.
Той 28-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. Тойдогу алып баруучулук тизгинди актёр, тамада Болотбек Тилек аркалады.
Эки жашты залга "Бир болсун жолуңар" чыгармасы менен Роза Шакирова алып кирди.
Тойго Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айнура Турганбаева, ырчылар Клара Алибекова, Бегимай Карабаева, Алмаз Шаадаев, Кызсайкал Бөрүбаева, Саниа жана башкалар келишти.
Нуркыз Кожонованын кыз узатуу тою 7-ноябрь күнү Таш-Көмүр шаарында өткөн.