Жогорку Кеңештин төрагасы өкмөт мүчөлөрүн коррупциядан алыс болууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөт мүчөлөрүн коррупциядан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

"Бүгүн саат 9:30дан 21:00гө чейин бюджет долбоорун карадык. Өкмөттүн ийгилиги, кемчиликтери айтылды. Депутаттар берген сунуштарды өкмөт башчысы, бардык вице-премьер-министрлер, министрлер жүрөгү аркылуу сезип аткарышат. Азыркы жаратман өкмөт ийгиликтерди жаратып келди. Алдыда көптөгөн ийгиликтерди жаратат. Мухаммедкалый Дүйшекеевич, командаңыз менен коррупциядан алыс болсоңуздар элдин ишеними жакын болот. Жакшы реформаларды жасап, мамлекетибиздин экономикасын, жашоо-шартын тез арада оңдогонго аракет жасаңыздар. Өкмөт мүчөлөрү таза иштеп бериңиздер, коррупциядан, элдин ырыскысын жегенден алыс болсоңуздар бардык ийгиликтерди жаратабыз", - дейт төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан