Парламент республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун 3 окууда кабыл алды

Бүгүн, 28-ноябрда парламент республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун 3 окууда кабыл алды.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 миллиард 708 миллион сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот. 2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат. 2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 миллиард 663 миллион сом деңгээлинде белгиленген (ички дүң өнүмдүн 26 пайызы). Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 миллиард 953 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар өлкө экономикасынын салык жана бажы тармактарына кошумча киреше булактарын табуу, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча талапты кыйла күчөтүү, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу аракеттерин жандандыруу, бюджеттик каражатты өз багытында сарамжалдуу пайдаланууну арттыруу зарылдыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан