Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунда төрагалык кылуу Кыргыз мамлекетинен Орусияга өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында билдирди.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиргендей, уюмга мүчө мамлекеттеринин башчылары ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүү боюнча актуалдуу маселелердин кеңири спектрин чакан жана кеңири курамда талкуулашты. Кыргыз Республикасынын бул жылы уюмдагы төрагалыгы жыйынтыкталды. Төрагалык ийгиликтүү жана жемиштүү болгону, белгиленген приоритеттер жана пландар толук көлөмдө ишке ашырылганы белгиленди.
Уюмдун алкагында мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 15 документке кол коюлду.