"700 миллион доллар миңдеген адамдын эмгеги болгон" деп кечээ, 28-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын биринен бажыдагы аткезчилик боюнча арналган телеберүү учурунда депутат Исхак Масалиев билдирди.
Телеберүүдө "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча аткезчилик тууралуу маселе көтөрүлүп, ага "Түндүк-чыгыш" бажысынын башчысы Нурлан Ражабалиев, юрист Руслан Эсеналиев жана депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы Эркебек Мурзабеков чакырылган.
"Кара нал" деп коёт, бирок декларация жазса, ал мыйзамдуу эле болуп калат. Мисалы, бир жылы Кытайга учуп жатканда бир жигит эки сумка менен акча алып кеткен. Ал жерде 3-4 миллиондой доллар бар деген. Анда "Кара-Суу" базарынан баланчанын 10 миң доллары, 15 миңи баланчаныкы деп жазылып турган. Болгону бажы кызматынан декларация жазып берет. Ал акча Үрүмчүгө жетет, тиешелүү кишиге акчаны берет, кийин ага товар келет. Бул банкка пайыз төлөгүсү келбеген учурда ушундай жолго барат.
700 миллион доллар Өзбекстанданбы же Кыргыз өлкөсүнөнбү айырмасы жок, ал алынган кийим-кеченин наркы. Учурда эл түшүнбөй жатат, "бир кызматкер бажыдан уурдап кеткен" деп ойлоп жатат. Ал миңдеген адамдын маңдай тер менен тапкан акчасы. Багыт менен болобу, "кара нал" болобу, ошол Түркияда каза болгон жигит ошонун жолун таап берген.
Бүгүн бажы кызматын күнөөлөштүн кажети жок. Бажыда көйгөй толтура, бир жылдын ичинде 24 адамга кылмыш иши ачылды деп айтып жатат, демек тазалануу болуп жатат. Базардын өзүнүн мыйзамы бар, мурда ар кимди жалдап жүргөн болсо, азыр алар мунун унаасы жоголбойт, чачылбайт, көп жүк батат деп тандап калышты", - деди Масалиев.