"Түндүк-чыгыш" бажысынын башчысы: "Райымбек Матраимов бизде иштебей калганына 2 жылдан ашты, бул теманы коё берсек болмок"

"Райымбек Матраимов бизде иштебегенине 2 жылдан ашты, бул теманы коё берсек болмок", - деп кечээ, 28-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын биринен "Түндүк-чыгыш" бажысынын башчысы Нурлан Ражабалиев билдирди.

Анда "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча аткезчилик тууралуу маселе көтөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, юрист Руслан Эсеналиев жана депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы Эркебек Мурзабеков чакырылган.

"Райымбек Матраимов бизде иштебегенине 2 жылдан ашты. Бул теманы коё берсек болот эле. Бирок эмнегедир кайсы бир топ буга кызыкдар болуп, бул теманы коё бербей жатат. Ал кеткенден кийин 3 жолу төрага алмашты. Неге алар тууралуу эч ким айтпайт. Неге 2 жыл мурун орун басар болгон адам тууралуу тема улам козголуп жатат? Айрым күчтөр ал адамдын атын саясий күрөштө колдонуп калды.

Ал адам соттон утуп алган күнү да бажыга кайтып келген жок. Биздин билишибизче, ал учурда чет өлкөдө иш жүргүзүүдө. Бир жыл ичинде 24 кызматкерге кылмыш иши ачылып жатат. Башка күч органдары менен кошкондо 65 адамга кылмыш иши ачылууда. Учурда бир топ кызматкерлер тергөөдө жүрөт. Болгону эл калыптанып калган ойго гана карманып жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан