Бүгүн, 29-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында, Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттер көп кылымдар бою достук жана ынак кошуналыкка негизделген Кыргыз-Өзбек мамилелериндеги динамикалуу өнүгүүнү канааттануу менен белгилешти.
Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечегин, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты.
Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзийоев өлкөлөрдүн мындан ары өз ара аракеттенишүүсү боюнча биргелешкен жакынкы пландарды белгилешти.