Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга күбө катары чакыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, Матраимов сурак берип жатканын билдирди.
"Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов бүгүн, 29-ноябрда күбө катары УКМКга суракка чакыртылды. Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат.
Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча катталган журналисттик иликтөө материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.