Бүгүн, 12-ноябрда мамлекет башчы Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковду кызматынан бошотту. Консулдун ысымы соңку 2 күн ичинде Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарда айтылып жаткан. Тагыраагы Саймаитиге кол салган жерде консулдук номерлүү автоунаа табылган эле.
Эске салсак, Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айтып чыккан. Анын катарында элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар, дипломатиялык паспорт, дипломатиялык карта, кеңсенин ижарасына байланыштуу коррупциялык иштер, кээ бир чиновниктердин чет өлкөдөгү жоруктары тууралуу элге жарыялаган. Атүгүл президент Сооронбай Жээнбековго мунун баарын жеткирүү далалаты ишке ашпай калган. Тескерисинче, Кылычбек Султан жогорудагы аракеттеринен кийин кызматтан алынып, куугунтукка кабылганы маалым.
Анын ичинен унаа тууралуу мурдагы элчи: «Машина элчиликке катталган, бирок андай автомобиль баланста жок болчу. Ошентип баасы 100 миң долларды чапчыган машинеге заказ беришип, аны чет өлкөдөн Малайзиянын чек арасында каттоодон өткөрүп алып келишип, дипмиссияга таандык деп катташыптыр. Машинаны алып киргенде төлөнө турган каражат, акциздик салык, ар бир жан башынан алынган салык, трансфер жана лицензиялык алымдардан бошотулган. Натыйжада элчиликтин мурдагы кызматкеринин аты-жөнү ачыкка чыкты. Машинага дипномер беришет, ошону менен катар айдоочу дайындоо боюнча буйруктун көчүрмөсү да табылды», - деп айтып берген.