Бүгүн, 11-февралда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.
Депутат Аалы Карашев Кыргыз мамлекетине Кытайдан келген импорт боюнча эки өлкөнүн статистикасында айырма болуп жатканы жаман көрүнүш экенин айтты.
"Айырма болуп жатканы жакшы эмес көрүнүш. Ар кандай сөздөр жаралат. Кытай тарап туура эмес эсептеп жатса алардын моюнуна коюш керек. Биз тарап туура эмес берип жатсак моюнга алышыбыз шарт", - дейт депутат.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев былтыркы жылы Кытайдан 1 миллиард 942 миллион доллар импорт келгенин айтты. Ал эми Кытайдын маалыматы боюнча, 5 миллиард 556 миллион доллар импорт келген.