КҮНСОБОЛ: Премьер өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүүгө даяр экенин айтты. Эмнеге күрөшпөй келе жатышат? Маматалиев: "Көмүскө экономика менен комплекстүү күрөшүү керек"

Кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы мамлекеттик бюджетти толтуруу жана көмүскө экономика менен күрөшүү багытында өзгөчө жыл боло турганын айтты. Өкмөт көмүскө экономика менен коомчулуктун күрөшүүсүн колдой турганын билдирди. Анын айтымында, бул боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн, өкмөт ага катышып жана жардам берүүгө даяр.

SUPER.KG порталы "Премьер өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүүгө даяр экенин айтты. Эмнеге күрөшпөй келе жатышат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өкмөт башчынын саясий эрки жетип, көмүскө экономика менен күрөшөрүн айтып жатса жакшы деген пикирде.

"Көмүскө экономиканын салмагы чоң. Көмүскө экономика менен комплекстүү түрдө күрөшүү керек. Жөн эле айтып коюп эмес, ал жерде бардык нерсени автоматташтырып койсо көмүскө сыртка чыкмак. Санариптештирүү жылына карата бардыгын автоматташтырып, адамдын кийлигишүүсү жок болгондо бир топ нерселер ачыкка чыгып, контрабандалар жок болот. Өкмөт башчынын саясий эрки жетип, көмүскө экономика менен күрөшөрүн айтып жатса жакшы. Көмүскө экономика менен күрөшүү үчүн саясий эрк керек", - дейт Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан