Кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы мамлекеттик бюджетти толтуруу жана көмүскө экономика менен күрөшүү багытында өзгөчө жыл боло турганын айтты. Өкмөт көмүскө экономика менен коомчулуктун күрөшүүсүн колдой турганын билдирди. Анын айтымында, бул боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн, өкмөт ага катышып жана жардам берүүгө даяр.
SUPER.KG порталы "Премьер өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүүгө даяр экенин айтты. Эмнеге күрөшпөй келе жатышат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча катуу иш алып барышы керек деген ойдо.
"Улуттук статистика комитетинин берген маалыматы боюнча, көмүскө экономика 24-25 пайызды түзөт. Бирок 2012-жылдары Бүткүл дүйнөлүк банктын көз карандысыз изилдөөсүндө көмүскө экономика 39-40 пайыздын тегереги болчу. Бүгүн андан азайып кетти деп айта албайм. Өкмөт башчы электрондук форматка өтүп, чек араларды онлайн режимине өткөрөбүз, салыктык процедураларды фискализациялоо кылабыз деп айтып жатат. Өкмөттүн фискализациялоо жасаш керек деп айтканына 2 жылдан ашып кетти. Бүгүнкү күнгө чейин көзгө көрүнүктүү кадамдар жасала элек. Өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча катуу иш алып барышы керек", - дейт Аалы Карашев.