Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө өтөт

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки үчүнчү консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда мамлекет башчылары ишенимдүү маанайда аймактык кызматташтык маселелеринин кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалог жүргүзгөнүн белгиледи.

"Белгиленген позитивдүү аракеттерди улантууну абдан маанилүү деп эсептейм. Буга байланыштуу кийинки консультативдик жолугушууну Кыргыз мамлекетинде 2020-жылы өткөрүүгө даярбыз", - деп жыйынтыктады Кыргыз мамлекетинин президенти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан