Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Гүлнара Усенканова Аскердик прокуратурада сурак берди. Маалыматты SUPER.KG порталына Асановдун жактоочусу Таалайкүл Токтакунова тастыктады.
Ага ылайык, суракта Усенкановага бизнес тууралуу суроолор берилген. Бирок жактоочу Курсан Асановдун кармалгандагы иши бул суроолор менен такыр байланышы жок экендигин белгилейт.
"Тергөө Асановду камакка алууга эч кандай негиз таппай, ушундай шылтоолорду издеп жатат көрүнөт", - дейт жактоочу.
Окуянын чоо-жайы:
13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.
27-августта Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган. Кийин анын баш коргоо чарасы 23-декабрга чейин узартылган.