Японияда ресторан ачкан кыргыз кызы. Ресторандын ачылышына эч ким келбей койгон

30-ноябрь күнү Асел Минагава аттуу мекендешибиз жолдошу Теру Минагава менен биргеликте Японияда ресторан ачышкан. Бирок ачылышына эч ким келбегендигине капа болгон Асел бир сыйра ыйлап алган. Кожойке көзүнө жаш алган видеосун өзүнүн социалдык баракчасына бөлүшкөн соң, видео коомчулукка желдей тарап кетти.

Асел "Бүгүн биринчи ачылыш күнүбүз. Чынын айтайын, эч ким келген жок. Жашыктыгым үчүн кечирим сурайм. Бирок алган азык-түлүктөр үчүн ичим ачышты. Азыктардын баарын үйгө алып кеттим. Эми кийинки жумага чейин жейм. Жылуу сөздөрүңүздөр үчүн рахмат! Мындан ары да аракет кылам!" деген билдирүү калтырган.

Аселдин билдирүүсүн колдонуучулар бөлүшүп, "Японияда болсоңор, ресторанга сөзсүз барып койгула", "Мен Японияда болсом, сөзсүз барып даам сызмакмын" деп колдоо көрсөтүшүүдө.

Ал эми Асел ийгиликсиз күнүнүн эртеси жакшы кабары менен бөлүштү. "Эртең менен ойгонсом, дүйнөнүн булуң-бурчунан 10 миңге жакын кат келиптир. Социалдык баракчага калтырган видео мынчалык колдоо табарын күткөн эмесмин. Мындан ары маркетинг жагынан иш жүргүзөм. Сөзсүз келиңиздер, күтөбүз!" деген мекендешибиз.

Японияда кыргыз кызы ресторан ачып ачылышына эч ким келбей койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
murat17
2019-12-02 11:52:39
мен да бармакмын
-5
bond02
2019-12-02 12:00:20
Ошол келген каттарды окуп жата бер, жети атандан бери келаткан фамилиянды да озгортупсун.
+8
sinej
2019-12-02 14:53:20
Молодец. Кыргыздын кыздары. Озунордун мумкунчулугунду эч убакта чектебегиле. Ар кандай обу жок стеоротиптерге ишенбегиле. Азыркы заманда бироого бироо каралашпайт. Озун аракет кылбасан.
0
admin_portal
2019-12-02 15:59:03
MAN-CITY, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. БАН!
0
admin_portal
2019-12-02 16:00:22
Bars88, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
amirrus
2019-12-02 17:23:38
баары жакшы болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан