Премьер-министр "Кумтөр" кенинде издөө жана куткаруу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге "Кумтөр" кениндеги окуя, анын кесепетинен ишкананын эки кызматкери дайынсыз жоголгону тууралуу билдирүүлөр өз учурунда маалымдалып турду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы дароо зарыл болгон тапшырмаларды берип, ага ылайык, кенге бардык тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери кеткен. Мухаммедкалый Абылгазиев "Кумтөрдөн" жоголду делген кызматкерлерин издөө үчүн бардык күчтөрдү мобилизациялоону, зарыл болсо издөөгө катышкандардын санын көбөйтүү жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1-декабрда эртең мененки 05:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо-кен бөлүмүнүн адистери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж. Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес.

Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтотулган. Учурда тоо кен бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушов дайынсыз деп эсептелүүдө.

Окуя тууралуу дайынсыз болгон кызматкерлердин жакын туугандарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жана укук коргоо органдарына өз убагында маалымдалган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жоголгон жарандарды издеп табуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. ӨКМнын куткаруучулары жана тоо-транспорттук жабдуулары менен биргеликте издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Окуя боюнча териштирүү башталып, кендин үйүлүп турган жараксыз катмарынын жылышынын себептери тиешелүү адистер тарабынан иликтенип жатат.

Бул кырдаалдын себептерин аныктоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлөт. Окуядан кийин кенде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулган.

Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, компетенттүү органдардын жетекчилери издөө-куткаруу иштерин координациялап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан