1-декабрда Гонконгдо Азиялык футбол конфедерациясынын аткаруу комитетинин отуруму өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул отурумда Борбор Азия аймагын (CAFA) Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов көрсөттү. Азия футбол конфедерациясынын президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф бардык уюштуруучуларга жаштар жана жеткинчектер боюнча Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгүнө даярдануу үчүн көп убакыт бөлүү керектигин сунуштады. Ал Азия Кубогу дүйнөлүк деңгээлдеги окуя болушу керектигин айтты. Аткаруу комитети чечим кабыл алуучу тарап катары Конгресс эмес, АФКнын аткаруу комитети болот деген юридикалык комитеттин сунушуна макул болду.
Азиялык футбол конфедерациясы менен ФИФА Кытайда 2021-жылы клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпиондугуна Азияга үч жарым квота берилүүсү боюнча макулдашты. Бири кабыл алуучу ассоциациясына, бирөө батыш аймагына, бири чыгыш аймагына, ал эми жарымы эки аймакта ойногон командалардын жеңүүчүсүнө берилет.
Аткаруу комитети футболдо аялдардын абалын жакшыртуу боюнча позициясын билдирди. AFC Annual Awards сыйлыгын тапшыруу салтанатында Аткаруу комитети кийинки иш-чара Катарда өтө турганын белгилешти. Ошондой эле Азия футбол конфедерациясынын 30-конгресси 2020-жылы 16-апрелде Куала-Лумпурда өтө турганы такталды.