Парламент комитетинде Исфана шаарын суу менен камсыздоого багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү” макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 5 миллион евро көлөмүндө каражат берилмекчи. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын 1,6 миллион евросу жеңилдетилген насыя жана 3,4 миллион евросу грант болуп саналат.

Долбоордун жыйынтыгы менен 33 900 адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан республикабыздын суу секторунун өнүгүүсүнө багытталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан