Бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде жылаңач кыздардын катышуусунда өткөн көргөзмөгө байланыштуу нааразычылык акциясы өттү. Акциянын катышуучуларын жарандык активисттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түздү. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов коомчулуктун нааразычылыгына себеп болгон иш-чара боюнча маалымат берди.
Министрдин айтымында, аталган көргөзмөдө аялдардын экономикалык эркиндигин чагылдыруу максаты болгон. Иш-чара 15 күнгө созулмак. Бирок көргөзмө өз форматынан жана темасынан чыгып кеткен. "Көргөзмөдөгү жорук кыргыз менталитетине туура келбейт", - деди Жаманкулов. Ал жыйын учурунда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин жетекчиси Мира Жангарачева өз жоопкерчилигин түшүнүп, кызматтан кетүү туралуу арыз жазып, ал арызга кол койгонун билдирди.
Жарандык коомдун пикиринде, көргөзмөдө порнографиялык элементтер болгон. Мындан улам, алар окуяга тиешелүү тараптарды жоопко тартууну талап кылышты. Алардын айтымында, бул нерсе көмүскөдө калбашы керек. Алар болуп өткөн көрүнүштү кыргыз маданиятына каршы, Европанын маданиятын жайылтуу саясаты катары сыпатташты. Алар билдиргендей, бейөкмөт уюмдар Кыргыз өлкөсүн каптап, батышчыл саясат акырындап улут канын соруп жатат.
“Эгемендүүлүк жылдардагы саясаттын жыйынтыгын чыгарбасак болбойт. Баары Баш мыйзамда жазылган. Баалуулуктун баары Баш мыйзамда болушу керек. Сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдарга көптөгөн өлкөлөр тыюу салышкан. Керек болсо, ал уюмдар башка өлкөлөрдүн “агенттери” деп ала кушту атынан аташ керек! Биздин экс-президент баш болуп, анын ичинде жүргөндөн кийин, демек, сырткы күчтөр өзүнүн максатына жетүүгө аракет жүргүзүп жатат", - деди журналист Кадыр Кошалиев.
Ал эми нараазычылык акциясынын уюштуруучуларынын сап башында турган Мелис Аспеков акциянын талаптары аткарылганын билдирди.
“Акция биз үчүн ийгиликтүү өттү. Себеби биздин талаптар толугу менен аткарылды деп айтсам болот. Биздин эң алгачкы талап 15 күнгө созулган көргөзмөнү жабуу, жетекчисин кызматтан алуу болчу”, - деди ал.
Чуу чыккан көргөзмөдөн улам кызматынан кол жууган Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт искусство музейинин мурунку жетекчиси Мира Жангарачева кызматтан кеткени тууралуу комментарий берди. Ал жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын музейдин жана ал жерде иштеген кызматкерлердин кызыкчылыгын ойлогондугу менен түшүндүрдү.
Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өткөн көргөзмөгө илинген ич кийимдер алынганы тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Көргөзмөнү уюштуруучулардын башында турган Алтын Капалованын айтымында, көргөзмөгө дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 50дөн ашык сүрөтчү келген. Ал сценарий менен баштан аяк тааныш болгон жана анын пикиринде, бул нерсе искусство үчүн нормалдуу көрүнүш. "Заманбап искусство жана анын шаймандары болгон видео, жасалга, перфюменс аркылуу сүрөтчүлөр оюн чагылдырат. Бул нерсе бизде өткөн көргөзмөдө колдонулду", - дейт Капалова.
"Мира Жангарачева чынында көргөзмөдө Даниядан келген кыздын чечинерин жана башкалар да ошондой перформанс көрсөтө турганы боюнча билген эмес. Бул тууралуу мен билчүмүн. Анткени куратор катары иш-чаранын маани-маңызына жоопкерчилик болгондуктан, баары менен тааныш болчумун.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат берип жатып эмне үчүн бизди чакырбайт? Ал жерге уюштуруучу катары бизди чакырышы керек болчу. Искусствонун тарыхында адамдар аскага сүрөт тарткандан тарта эле жылаңач дене көрсөтүлүп келген. Бул көрүнүш кайсы доор болбосун болуп келген, атүгүл илгери биздин музейлерде деле мындай окуялар болгон. Бул - искусство, аны түшүнө билүү керек", - деди Капалова.
Толугу менен видеодон көрүңүз, окурман.