Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн сүрөт көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан.
Мындан улам активист жарандар топтолуп бүгүн, 2-декабрда нааразычылык акциясына чыгышты. Алар бул көрүнүштү Европа маданиятын колдоо катары сыпатташууда. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул боюнча министрликтин позициясын билдирип, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө комментарий берди. Айтымында, министрлик аталган иш-чараны колдобойт.
"Бул көргөзмө Европада өтөт, бирок биздин менталитетке туура келбейт" деди ал.
Мындан сырткары, министр Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын жана ага Жаманкулов кол койгонун билдирди.
Философия илимдеринин кандидаты, доцент Мира Жангарачева ушул жылдын июнь айында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине директор болуп дайындалган эле.