«Жөө күлүк» тасмасы Кытайдын Хайнань аралында 1-9-декабрь күндөрү өтчү II эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт.
Аталган фестиваль расмий түрдө Кытай Эл республикасынын негизги кинофестивалдарынын бири деп жарыяланган. Былтыркы жылы фестивалга дүйнөлүк киножылдыздар: Жеки Чан, Жонни Депп, Николас Кейж, Мадс Миккельсен, Изабель Юппер, Жюльет Бинош, Аамир Хан келишкен. Быйыл өкүл катары француз актрисасы жана режиссёру Софи Марсо, Канн, Берлин кинофестивалдарында атайын призге ээ болгон режиссёрлор Киёси Куросава, Стэнли Кван жана башкалар катышат. Фестивалдын алкагында дүйнөдөгү 10 мыкты тасма, алардын катарында Кыргыз режиссёру Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы да "Азия спектри" атайын бөлүмүндө көрсөтүлөт.