Депутат Мыктыбек Абдылдаев "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" мыйзамы иштебей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Сот департаментинин маалыматына караганда, "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" мыйзам 2009-жылы кабыл алынган. Бирок аны ишке киргизүү каражаттын жетишсиздигинен жана атайын инфратүзүмдөрдүн даяр эместигинен улам 10 жылдан бери иштебей келген.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев мурда кабыл алынып, ишке кирүү мөөнөтү улам-улам узартылып келе жаткан мыйзамды ушул кезге чейин аткарбай жаткан өкмөт менен Жогорку Сотко наарызычылыгын билдирди. "Анын мөөнөтүн дагы эки жылга узартуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоп бергиле дейсиңер, эмне силер, сот реформасын токтотууну суранып жатасыңарбы? Анда мыйзамды аткара албай турганыңарды ачык эле моюнга албайсыңарбы? Мыйзамдын 10 жылдан бери аткарылбай жатканы үчүн ким жооп берет?" - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мыйзамдын аткарылбай келатканын моюнга алып, мыйзамды ишке ашыруу үчүн 6 жыл аралыгында бюджеттен 6,5 миллиард сом керектеле турганын билдирди. "Азырынча сот арачылары жайгаша турган имараттар да даяр эмес. 2020-жылы Сот департаментине Бишкек жана Ош шаарларындагы имараттарды курууга 16 миллион сом каралууда", - деди ал.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.