Улуттук курама команданын коргоочусу Азамат Байматов менен "Дордой" клубунун ортосундагы келишимдин убактысы бүтүп, футболчу команда менен коштошту.
Байматов "Дордой" клубуна быйылкы жылы кошулуп, жалпы 22 оюн өткөргөн. Анда 3 гол киргизип, 2 жолу голдук пас жарата алган. Байматов "Дордой" менен чемпиондукту жана Суперкубокту жеңген.
"Дордой" клубу Азамат Байматовдун ар бир оюнда жогорку профессионалдуулукту көрсөткөндүгүнө ыраазычылык билдирет" - деди "Дордой" клубунан.