Ош облусунун Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн инспектору 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
"30-ноябрда ИИМдин Тергөө кызматына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жол эрежесин бузгандыгы үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору айдоочунун паспортун алып 8000 сом талап кылганы айтылган. Айдоочу билдиргендей, ал инспекторго 2000 сом пара берген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене (пара талап кылуу) менен катталып, тиешелүү тергөө иш-чаралары башталган.
Бүгүн, 3-декабрда ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин тергөө кызматынын жана Финполдун кызматкерлери тарабынан Ноокат районунун ЖКККБсынын инспектору К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды", - деп кабарлады басма сөз кызматынан.
ИИМ жумуштун кызыкчылыгын саткан, пара алган, мыйзам бузган, зыян алып келген кызматкерлерден арылууга багытталган иш-чараларын улантууда. Өзгөчө жарандардан келген арыздарга көңүл бурулууда.