Бүгүн, 3-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керектигин билдирди. Буга чейин дагы ушундай эле демилгени жарандык активисттер айтып келишкен.
SUPER.KG порталы "Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Аталган кызматты президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп берүү керекпи?" деген собол салды.
УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү туура экенин айтты. "Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлгөндөн бери кандай иштеп жатканын көрсөтпөдүбү. Коррупцияга каршы күрөшө турган орган, президенттердин колундагы куралга айланып калды. Парламенттик систем орнотула турган болсо, бийлик Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн колунда болушу керек. Аталган кызмат өкмөттүн карамагында болушу туура", - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев