Бүгүн, 3-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керектигин билдирди. Буга чейин дагы ушундай эле демилгени жарандык активисттер айтып келишкен.
SUPER.KG порталы "Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Аталган кызматты президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп берүү керекпи?" деген собол салды.
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова аталган кызмат президенттин буйругу менен түзүлгөн. "Мурунку Конституция боюнча президенттин мамлекеттик органдарды түзүүгө 2010-жылга чейин ыйгарым укугу болгон. 2010-жылдан бери президенттин андай укугу жок. Андыктан УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башынан эле мыйзамсыз орган болуп калган. Аталган кызматты мыйзамдаштыруу зарыл. Коррупция чоң көйгөй болуп жаткандан кийин, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өз алдынча, көз карандысыз орган болушу шарт. УКМК коопсуздук маселе менен алектенгендин ордуна көбүнчө коррупцияга киришип кетип жатат", - дейт Сооронкулова.