Депутат Строкова Рита Карасартованын кызматка дайындалышына нааразычылыгын билдирди

Депутат Евгения Строкова Рита Карасартованын кызматка дайындалышына нааразычылыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Карасартова кайсы жакта туруктуулук болбой жатса, ошол жакка барат деген пикирде. Анын айтымында, Атамбаевдин убагында Карасартова дайыма каршы чыгып, кийин ал жакта туруктуулук жок болгондо колдоп калды. "Мен премьер-министр, Рита Карасартовага караганда өзүмдү кыргыз сезем. Ал Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Биз эмне балдарды Ата Мекендик согушта Америка уткан деп үйрөтүүнү каалайбызбы?" - дейт депутат.

Кечээ, 3-декабрда Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан