Депутат Кыргыз мамлекетинин паспортунун сатылышына бөгөт коюп, тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин көзөмөлдөө керектигин айтты

Депутат Аида Касымалиева Кыргыз мамлекетинин паспортунун сатылышына бөгөт коюп, тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин көзөмөлдөө керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жакында Орусияга барып келдим, ал жерде Өзбек жарандарына кыргыз паспорттору ачык эле сатылып жатканына өзүм күбө болдум. Текшерип көрдүк, алар жасалма эмес, эмнегедир көбү Сузак районунан берилген паспорттор болуп чыгууда. Буга бөгөт коюп, тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин көзөмөлдөө керек", - дейт депутат.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан