Бүгүн, 4-декабрда парламентте бардык коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Айнуру Алтыбаеванын айтымында, жаңы долбоор 100 пайыз тамекинин түтүнү жок аймакты түзүүнү караштырат. "Башкача айтканда, турак жайлардан сырткары өлкө аймагындагы бардык коомдук жайларда, иш орундарында, анын ичинде коомдук транспортто, тамактануу жайларында тамеки чегүүгө толук тыюу салуу демилгеси сунушталууда. Ошондой эле мыйзам долбоорунда калян менен насвайга каршы чаралар да камтылган”, - деди депутат.