Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Роза Отунбаеванын айылдыктар тууралуу айткан сөзү мени шок кылды". КҮНСОБОЛ

Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева саясатчы Өмүрбек Текебаевдин китебинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча пикирин айтты. Ал "шаардын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деп билдирди. Анын бул сөзү коомчулукта кызуу талкууланып, айрымдары Отунбаеваны сындап жатышса, кээ бирлери коргоп жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Отунбаева Бишкек шаарынын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деди. Тилинен жаңылдыбы же айткан сөзү орундуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Отунбаеванын айылдыктар тууралуу айткан сөзү ага да катуу тийгенин билдирди.

"Мен Роза Отунбаева сүйлөгөн иш-чарага катышып отургам. Анын минтип сүйлөрүн көпчүлүгүбүз күткөн эмеспиз. Сөзүнөн жаңылды дейин десең андай сөздү бир нече жолу кайталап айтты. Ооруп жатабы дейин десең жакшы эле. Мени кечээ Роза Исаковнанын сүйлөгөн сөзү шок кылды. Же бул киши ичинен дайыма ушундай ойлонуп жүрөбү? Отунбаеванын сөзү мага катуу тийди. Тоонун чокусунда чоңойгон кишимин. Эстонияда илимдин кандидаты, доктору болдум. Андан кийин министр, депутат болдум. Айылдан келгеним үчүн эле экинчи же үчүнчү сорттогу киши болуп калышым керекпи? Абдан капа болдум. Ал өзү деле кабатыр болуп жатса керек. Бул "нормальный" киши айта турган сөз эмес. Чыңгыз Айтматов, Гапар Айтиев, Исхак Раззаков айылдан чыккан. Экс-президенттик макамды алып, кадыр-барктуу деп жүргөн кишинин ушинтип айтканы жаман иш болду", - дейт Каныбек Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан