Бишкекте үй тоноого шектелген жарандар кармалды

Арча-Бешик жаңы конушунда жергиликтүү жашоочунун үйүнө кирип, уурулук кылганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылдын 26-августунда Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Арча-Бешик жаңы конушунун Т.К. аттуу тургуну саат 19:00 чамасында электрошокер жана 4000 сом акчаны алып чыгып кетишкенин айтып кайрылган. Факты Ленин РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "уурулук" беренеси менен иш козголуп, соттук өндүрүшкө алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында, кылмышка шектелип 2001-жылы туулган Ж.Б. жана 2000-жылы туулган Ж.М. кармалып, СИЗО-1ге 2 айга киргизилген. Учурда алардын башка кылмыштарга да тиешеси бар-жоктугун аныктоо үчүн кошумча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан