Депутат энергетика тармагын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады

Депутат Өмүрбек Бакиров энергетика тармагын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал буга чейин комиссия түзүү боюнча сунушун айтып келген. "Депутаттардан, өкмөттүн өкүлдөрүнөн, күч түзүмдөрүнөн турган комиссия түзөлү. Энергетика тармагын кылдаттык менен карап чыкпасак, кийин кеч болуп калат. Электр тармагындагы баш аламандыкты жакшы билебиз. Канчалаган аткаминерлер коррупциянын айынан түрмөдө отурат. Бүгүн энергетика тармагы каатчылыкка келип такалууда. "Улуттук энергетикалык холдингдин" кереги барбы? Энергетика министрлигин түзүшүбүз керек", - деп айткан депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан