Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева Бишкекти каптаган түтүн боюнча маселе көтөрдү.
"Эки күндөн бери кара түтүн боюнча жазбай калдык. Биз унутуп калып жатабыз. Өкмөт тарабынан бирдиктүү план жок болуп жатат. Ушуга чейин ар бир мекеме өзүнүн маалыматын эле берип жатат. Бул маселени чечпесе болбойт. Өкмөттөн маалымат уга элекпиз. Кара түтүн кайдан чыгып жатат? Жаңыланган ЖЭБденби, унааларданбы же көмүр жакканданбы? Саламаттыкты сактоо министри жакшы иштебей жатат. Мэрия шылдыңдагансып, беткап кийип алгыла деп койду", - дейт Касымалиева