"Ордо сахна" фольклордук-этнографиялык театры юбилейлик концерт берет

10-декабрь күнү фольклордук-этнографиялык "Ордо сахна" театры Кыргыз улуттук филармониясында юбилейлик концерт берет. Бул тууралуу театрдын социалдык баракчасына жазылды.

"Кыргыз фольклорунун деңгээлин көтөрүүгө, элдин музыкалык интеллектин жогорулатууга багытталган театр 1999-жылы негизделген. 20 жылдан бери мекендештеринин гана эмес, чет өлкөлүк музыка сүйүүчүлөрүнүн жан дүйнөсүнө азык болуп келет. Ал аралыкта 3 CD диск чыгарып, архаикадан тартып, фолк-жаз стилине чейин музыкаларды ойношкон. Юбилейлик концертте этникалык кийимдердин уникалдуу коллекциялары, бий, ошондой эле "Ордо сахна" театрынын репертуарындагы мыкты чыгармалар аткарылат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан