Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңеш түшкү тыныгуудан кийин жыйынын баштай албай жатат. Учурда саат 14:21ге карата залда 4 депутат отурат. Жыйын саат 14:00дө башталышы керек болчу. Ал эми каттоодон өткөн депутаттардын саны 37 деп турат.
Залда отурган депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, депутат Аида Касымалиева, Анвар Артыков, Зарылбек Рысалиев.
Жыйында аткезчилик жолу менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу өкмөттүн маалыматы угулат.