Ички иштер министри: "Музейде болгон окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат"

Депутат Курманкул Зулушев ички иштер министри Кашар Жунушалиевден музейдеги кыздардын жылаңачтанган көргөзмөсү боюнча маалымат сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Кашкар Жунушалиевдин айтымында, музейде болгон иштер жана музейдин директорунун арызынын негизинде коркунуч туудурулган деген маселе боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан. Мындан улам жарандык активисттер нааразычылык акциясына чыгышкан. Музейдин жетекчиси Мира Жангарачева 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан