"Жылаңач жүргөн аялдарды камчы менен коркутпай, аткезчилердин колдоруна чабышыбыз керек", - деп бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Коррупция, аткезчилик менен байланыштуу. Аткезчилик коррупциянын бир бөлүгү. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү саясатын приоритет катары койгон. Тилекке каршы, укук коргоо органдары берилген тапшырмаларды так аткара албай жатышат. Аткезчилер Кыргыз мамлекетинде жыргап жашап жатышат. 2020-жылы парламентке келебиз деп даярданууда. Аткезчилер жөнөкөй тил менен айтканда ууру. Элди тоногон кишилерди түрмөгө отургузушубуз керек. Жылаңач жүргөн аялдарды камчы менен коркутпай, биз ушундай ууруларды колдон ары чабышыбыз керек. Аткезчилер биз менен тойго, Куран окуткан жерге барып жатышат. Партия түзүшүүдө. Биз ошого жол бербешибиз керек. ИИМ уюшкан кылмыштуу топ жок деп жатат. Ал эми Бажы кызматы аткезчилик жок деп жатат. Мүмкүн кагаз түрүндө жок, бирок эл уюшкан кылмыштуу топ, аткезчилик бар экенин жакшы билет", - дейт Дастан Бекешев.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөт тарабынан системдүү түрдө иш аракеттер жүрүп жатканын айтты.