Депутат Рыскелди Момбеков өлкөдөн накталай акча чыгарып кетүү аткезчиликке жатабы деп сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Султан Мамасадыков чек арадан өткөн кишилер 10 миң долларга чейинки каражатты оозеки декларация менен, андан ашса сөзсүз түрдө декларацияланышы керектигин билдирди. Анын айтымында, 10 миң доллардан ашкан акча декларациялангандан кийин сыртка чыккан каражаттын суммасына чектөө коюлбайт. Декларациядан өтпөсө, аткезчилик болуп эсептеле турганын белгиледи.