Социалдык тармакта 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, анын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууланган. Мамлекеттик каттоо кызматынан аталган унаада Алмаз Мамбетов эмес экендигин билдиришти. Жыйынтыгында бул унаа номерине издөө жарыяланды.
SUPER.KG порталы "Жасалма паспорт чуусу жасалма унаа номеринин чуусуна өттү. Тийиштүү расмий органдар эмне үчүн мындай көрүнүшкө олуттуу чара көрбөй жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөт аркылуу ИИМ жасалма унаа номерлерин орнотуу боюнча жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун алып келгенин айтты.
"Орчундуу чара көрө турган кызматкерлер ушул кылмыш бизнесине аралашып жүргөнү айтылып калат. Ошол себептен жасалма паспорттор биринчи жолу чыгып жаткан жок. Өкмөт аркылуу ИИМ жасалма унаа номерлерин орнотуу боюнча жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун алып келди. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бул мыйзам долбоорун колдоду. Мурда жасалма унаа номери менен жүргөндөргө 2-5 миң сомдун тегерегинде айып салынса, азыр 20-30 миң сом болот. Мурун жорук болсо, эми кылмыш болуп эсептелет", - дейт Жээнчороев.