Премьер-министр "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагындагы жарандардын жеке маалыматтарын колдонуудагы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди

Интернетке жасалма номер менен жүргөн бир нече унаанын сүрөттөрү жарыяланган болчу. Коомчулук андагы номерлердин жасалма экенине караганда, унаа айдап бара жаткан адам менен жанындагы жүргүнчүнүн мамилесине көбүрөөк көңүл бурду. Социалдык тармактагы талкууларда адамдын жеке маалыматтары жарыяланбашы керек болчу дегендер да бар.

Бүгүн, 5-декабрда "Коопсуз шаар" долбоорундагы видеокамераларга түшкөн сүрөттөрдүн коомчулукка чыгып кетишине байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анын алкагындагы маалыматтардын чыгышын иликтөө жана жарандардын жеке маалыматтарын колдонуудагы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинине ыкчам түрдө факты боюнча күнөөлүүлөргө чара көрүү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул кырдаалда сүрөттөгү адам экинчи планда деп эсептейт.

"Баарынан биринчи «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы жарандардын жеке маалыматтарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтүү керек. Биз санариптик технологияларды турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кеңири колдонууга жетишүүбүз керек. Бул жөнөкөй эле тапшырма эмес. Тилекке каршы, бардык тармакта ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча биздин аракетибиз дайыма сынга жана кыйынчылыктарга кабылат. Ошондуктан адекваттуу жооптуу аракеттер кабыл алынышы зарыл тагыраак айтканда, жеке маалыматтарды коргоо чараларын күчөтүү жана маалымат системинин ченемдик мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу керек. Бул өтө маанилүү. Коомчулук бул долбоорду биринчи күндөн баштап эле колдоп келүүдө, бул каттамдардагы кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртүүгө жакшы шарт түздү. Учурда долбоордун кийинки баскычтарын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жасалууда. Биз бардык системдеги иштердин жөнгө салынышын, так жана коопсуз болушун камсыз кылышыбыз керек", - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан