Депутат Бакирдин Субанбеков: "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери айып төлөгөндөн качып, жасалма унаа номерлерин тагып алгандар болууда". КҮНСОБОЛ

Социалдык тармакта 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, анын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууланган. Мамлекеттик каттоо кызматынан аталган унаада Алмаз Мамбетов эмес экендигин билдиришти. Жыйынтыгында бул унаа номерине издөө жарыяланды.

SUPER.KG порталы "Жасалма паспорт чуусу жасалма унаа номеринин чуусуна өттү. Тийиштүү расмий органдар эмне үчүн мындай көрүнүшкө олуттуу чара көрбөй жатат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков айдоочулар жоопкерчиликтен качып, анын айласын таап жатышат деген пикирде.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери айып төлөгөндөн качып, жасалма унаа номерлерин тагып алгандар болууда. Алар айып төлөгөндөн качып жатышат. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети бул жасалма унаа номерлери менен жүргөн айдоочуларга жоопкерчиликти күчөтүү мыйзам долбоорун карап жатат. "Коопсуз шаар" долбоору жаңыдан кирип жаткандыктан, айдоочулар жоопкерчиликтен качкандын айласын кылып жатат. Көч бара-бара түзөлүп, мындай көрүнүштөргө чара көрүлөт", - дейт Субанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан